Биз менен байланышыңыз

Адам өлтүрүүгө шектелген казак жараны Бишкекте кармалды

Кыска кабар | 1 Авг 2023 | 335 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери өз өлкөсүндө оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Казакстандын жаранын кармашты.

Жакында Бишкек шаарынын аймагындагы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жеке менчик мейманканалардын биринен коңшу мамлекеттин жараны 1992-жылы
туулган А.Б. кармалган. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси “Адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү”  боюнча издөөдө жүргөн.

Алынган маалыматка караганда, жогоруда аталган жаран оор кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарында жашырынып жүргөн.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Казакстан тараптан Кылмышка түздөн-түз тиешеси бар 1992-жылы туулган жаран Кыргызстандын
аймагында жашынып жүрүшү мүмкүн деген маалымат келип түшкөн. Кармалган жаран А.Б. белгилүү клубдун жыйырма сегиз жаштагы фитнес-машыктыруучусун
өлтүрүүгө шектелүүдө.  Ал 17-июлга караган түнү Алматы шаарында аны атып өлтүргөн.

Андан соң Наурызбай райондук ички иштер бөлүмү 31 жаштагы жаранга издөө салып, Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту ага карата сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Маалым болгондой, ал буга чейин оор кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартылган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогоруда аталган Казакстандын жаранын тез эле кармашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM