Connect with us

Улуттук банк: Сырттан акча которуулар дээрлик 30%га кыскарды

Кыска кабар | 1 Авг 2023 | 317 | 0

Алдын ала маалыматка караганда, 2023-жылдын 6 айында жеке жактардын таза акча которуулары 704,6 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын финансы статистикасы жана серептөө башкармалыгынын башчысы Медер Абдырахманов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга акча которуулар былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5% кыскарган.

«2022-жылдан тарта акча которуулардын таза агымынын төмөндөө тенденциясы уланууда. Былтыркы жылдан бери бизде Түркияга которуулардын агымы өстү. Бул таза акча которуулардан тышкары, соода операциясы жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу. Ал эми Украинадан келген товарларды жеткирүү тизмегинин өзгөрүшүнө байланыштуу, азыр товарлардын бир бөлүгү Түркиядан жөнөтүлөт», — деди ал.

Ошондой эле Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, банк карталарын колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө. Кыргызстандыктар накталай акчаны азырак колдоно баштады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM