Биз менен байланышыңыз

ТИМ Кариб деңизинде жоголгон кыргызстандык үй-бүлө тууралуу маалыматты тактоодо

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 3701 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кариб деңизинде каза болушу мүмкүн делген кыргызстандык үй-бүлө боюнча маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Кариб бассейниндеги өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен окуянын чоо-жайын тактап жатат. Тиешелүү жооп келгенде кошумча маалымат берилет.

Буга чейин Казакстандын жараны Жанат Шамиганов Currenttime басылмасынын кабарчыларына кыргызстандык үй-бүлө менен болгон окуя тууралуу айтып берген. Ал АКШга мыйзамсыз жол менен бара жаткан топтун арасында кыргызстандыктар да болгонун айткан. Кариб деңизинен өтүп баратканда кыргызстандык жарандын баласы колунан түшүп кетип, анын артынан эне жана ата да сууга секирген. Ал эми суу кайыгы алардын артынан кайткан эмес.

Copyright © 2017 Maral FM