Биз менен байланышыңыз

Ошто бир гана педагогикалык адистик боюнча окуткан университет ачылат

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 308 | 0

Президент Садыр Жапаров Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты. Беш кабаттуу объекттин курулушу 2021-жылдын ноябрында башталган.

Окуу имаратынын жалпы аянты 3,6 миң чарчы метрди түзөт. Ага 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класс кирет. Имараттын долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандустарды жана лифтти орнотуу каралган.

Университеттин жаңы имаратында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.

Садыр Жапаров мугалимдик кесиптин өзгөчө ролун белгилеп, имараттын курулушун 2023-2024-окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырды.

Президент 29-июль күнү Ош жана Жалал-Абад облусуна барды.

Copyright © 2017 Maral FM