Биз менен байланышыңыз

Пакистанда жардыруу учурунда 40тан ашык киши мерт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 348 | 0

Пакистандын түндүк-батышында саясий митингде болгон жардыруудан кеминде 40тан ашуун киши каза болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 200гө жакын адам жараат алды.

Жардыруу Ооганстан менен чектеш Бажаур чөлкөмүндөгү Хар шаарынын четиндеги «Жамаат Улема Ислам» (JUI-F) исламчыл партиясынын тарапкерлеринин митингинде болгон. Бул аймак мурда ооган талиптери менен тыгыз байланыштагы пакистандык «Техрик-е-Талибан» радикал ислам кыймылынын базасы деп эсептелген. Акыркы жылдары өкмөттүк аскерлер аймакка көзөмөлдү күчөткөн.

Полициянын маалыматына караганда, исламчыл партиянын бир катар лидерлери сахнада турган маалда жанкечти жардыруу жасаган. Алар жабыркаган жок. Жардыруунун артында ким турганы азырынча тактала элек. Аны Пакистан бийлиги да, Ооганстанды башкарып жаткан талиптер да айыпташты.

«Аль-Жазира» билдиргендей, Пакистанда жардыруунун артында пакистандык талиптер турушу мүмкүн деген кооптонуулар бар. «Жамаат Улама Ислам» исламчыл партия болгону менен бийлик менен куралдуу күрөш жүргүзүп жаткан “Техрик-е-Талибан” кыймылынан айырмаланып, өкмөт менен кызматташат.

Copyright © 2017 Maral FM