Биз менен байланышыңыз

Москвага кайрадан дрон менен чабуул жасалды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2023 | 269 | 0

Бүгүн, 30-июлда эртең менен Москвада үч учкучсуз аппараттын жардамы менен чабуул уюштурууга аракет жасалды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады.

«30-июль күнү эртең менен Киев режиминин Москвадагы объектилерге дрондор менен чабуул жасоо аракетине бөгөт коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Учкучсуз аппараттын бирөө Москвадагы Одинцов районунда абадан коргонуучу системанын жардамы менен талкаланган. Дагы экөө радиоэлектрондук каражаттар менен иштен чыгарылган. Натыйжада алар башкарууну жоготуп «Москва-Сити» комплексинин аймагына кулаган.

Москванын мэри Сергей Собянин чабуулдун натыйжасында комплекстин эки кеңсе мунарасынын фасады бир аз жабыркаганын билдирди. Тестов көчөсүндөгү кыймыл токтотулган.

Украина Москванын аймагына тез-тезден чабуул жасоого аракет кылып келет. Июлдун башында эле Москвада беш украиналык дрон жок кылынган. Ал эми бул жуманын башында орусиялык радиоэлектрондук каражаттар эки дронду жок кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM