Биз менен байланышыңыз

31-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Июл 2023 | 159 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 31-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23, күндүзгү жогорку температурасы 35…37 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM