Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында медициналык мекемелер текшерилүүдө

Кыска кабар | 30 Июл 2023 | 135 | 0

Жалал-Абад шаарында менчигинин түрүнө карабай медициналык мекемелер текшерилип жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери катышты.

Текшерүү учурунда жеке менчик дарыканалар уруксат кагазы жок, өз алдынча медициналык ийне саюу бөлмөлөрүн ачып, адам ден соолугуна кооптуу жагдайларды жараткан шартта иштеп жаткандыгы маалым болду.

Тиешелүү адистер тарабынан талапка жооп бербеген ийне саюу бөлмөлөрүнө жеринде протокол түзүлүп, жабылды.

Мындай текшерүү Жалал-Абад шаарында бир ай жүргүзүлөт. Анын алкагында менчигинин түрүнө карабай бардык медициналык мекемелер текшерилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM