Биз менен байланышыңыз

Кыргыз спортчулары 6 айда жалпы 248 медаль утту

Кыска кабар | 30 Июл 2023 | 126 | 0

Кыргыз спортчулары үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча жалпы 248 медаль утту. Бул тууралуу маданият министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдумомунов министрликтин коллегиясында билдирди.

Ошондой эле ал 6 айдын аралыгында 78 республикалык спорттук-массалык иш-чара, 1 миң 527 спорттук-массалык иш-чара, 53 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлүп, ата мекендик спортчулар 73 эл аралык мелдешке жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Айбек Абдумомунов белгилегендей, жыйынтыгында ата мекендик спортчулар 248 медаль утту, анын 88и алтын, 69у күмүш жана 91и коло медаль.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM