Биз менен байланышыңыз

Автобекеттеги коомдук транспорттор текшерилди

Кыска кабар | 30 Июл 2023 | 117 | 0

Автобекеттеги коомдук транспорттор текшерилип, 99 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү «Коомдук транспорт» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрдү. Анын алкагында алыскы аймактарга каттаган коомдук транспорттордун техникалык абалы текшерилип, бир жуманын ичинде 19 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Алардын ичинен:

— 6 айдоочуга коомдук транспорттун техникалык жактан оң абалда эместиги үчүн, 3 миң 300 сомго айып салышты;
— 6 айдоочуга техникалык кароодон өтпөгөндүгү үчүн 18 миң сомго айып салышты;
— 1 фирманын жетекчисине техникалык оң эмес авто унааны каттамга чыгаргандыгы үчүн, 28 миң сомго айып салышты;
— 1 айдоочуга таптакыр айдоого укугу жол болуп туруп, унаа башкарып жүргөндүгү үчүн 15 миң сомго айып салышты;
— 5 айдоочуга туура эмес жерге токтогондугу үчүн, 5 миң сомго айып салышты.

ЖКККББ азыркы учурда «Коомдук транспорт» аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жаткандыктан, бардык жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалар текшерилерин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM