Connect with us

Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды

Кыска кабар | 30 Июл 2023 | 220 | 0

«Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысын аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын мартында «Аламүдүн» станциясына Грузиядан 2017-жылы чыгарылган Toyota Rav 4 үлгүсүндөгү унаа келген. 2-мартта убактылуу сактоо документи ачылган. Убактылуу сактоонун бардык мөөнөтүнүн ичинде (4 ай) унаа бажылык тариздөөдөн өткөн эмес.

Убактылуу сактоо кампасынын аймагын текшерүү учурунда бул унаа жок экендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жаран «К.Н.У.» бажы көзөмөлүндө турган унааны алып чыгып, тариздөөсүз үчүнчү жакка сатып жиберген.

Бажы төлөмдөрүн төлөөгө тийиш болгон жалпы сумма 221 миң 480 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар мыйзамдарга белгиленген тартипте кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM