Биз менен байланышыңыз

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кыска кабар | 29 Июл 2023 | 158 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектин Жал кичирайонунда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 28-июлда саат 21:40 чамасында бир аялдын өлүмү тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Маркумдун өздүгү такталып, ал 40 жаштагы Ш.М. экени аныкталган. Киши колдуу болгону такталып, экспертиза дайындалды .

Кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Р.Э. кармалды. Тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM