Биз менен байланышыңыз

Кайгуул кызматкерлеринин акциясы: Министрдин орун басары Ошко барды

Кыска кабар | 29 Июл 2023 | 1709 | 0

Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин башчысына карата нааразылык акциясында айтылгандарды териштирүү үчүн ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган жумушчу топ Ош шаарына барды.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Учурда жумушчу топ милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн кызматкерлери менен жыйын өткөрүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери 28-июль күнү кечинде нааразылык акциясына чыгышты. Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынын башчысы Айбек Жумагулов менен кызматкерлер ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатканы айтылып, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуу жолдошту. Топтолгондор жетекчинин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы милициянын кайгуул кызматы иш таштабаганын билдирди.

Аталган кызматтын айрым кызматкерлери милициянын кайгуул кызматынын имаратына топтолушуп, кызмат убактысын кароону жана өздөрүнүн жетекчисинин ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу айтышкан.

«Айтылган сунуштар, нааразычылыктар ИИМдин жана милициянын кайгуул кызматынын жетекчилигине жеткирилген.29-июль күнү ИИМ тарабынан түзүлгөн ар тараптуу комиссия келип, текшерүү иштерин баштайт. Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугу сакталууда. Кызматкерлер өз кызматтарын улантышууда. Айрым социалдык түйүндөрдө жазылган «иш ташташты» деген пикир чындыкка туура келбейт» , — деп айтылат маалыматта.

Айбек Жумагулов быйыл 23-майда Бишкек милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгынан бошотулуп, Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынын башчысы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM