Биз менен байланышыңыз

Сокулукта жарандарга себепсиз кол салгандар кармалды

Кыска кабар | 29 Июл 2023 | 805 | 0

Укук коргоо кызматкерлери Сокулук районунда көчөдө өтүп бара жаткандарга кол салган жарандарды аныктап, алты адам райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 28-июлга караган түнү Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылында топ балдар жолдо бара жаткан бир нече жаранды себепсиз сабап, эки унаага зыян келтирген.

Бул факт Сокулук райондук милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Иш Чүй облустук милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Учурда бул окуяга тиешеси бар адамдар аныкталып, алты адам Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп берилди, тергөө амалдары жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM