Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: БШКнын жумушчу тобу Абировдун арызын карайт

Кыска кабар | 29 Июл 2023 | 360 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу мурдагы депутат Жаныбек Абировдун №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга берген арызын карап чыгат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Кароонун жыйынтыгы боюнча жумушчу топ өз сунуштарын БШКнын отурумуна киргизет.

Абиров шайлоого талапкер катары катышууга 28-июлда БШКга арыз берген. Ушуну менен аталган округдан талапкер болууга арыз бергендердин саны 10го жетти. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 10-августта аяктайт.

БШКнын эки мүчөсү шайлоо тууралуу мыйзамга таянып, шайлоонун кайра өтүшүнө себепчи болгон жаран талапкер боло албай турганын билдиришти.

«Конституциялык мыйзамда кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон жаран кайра шайлоого катыша албайт деген норма бар. Моралдык жагынан караганда да туура эмес болот. Мындан тышкары, каржылык чыгымдарды эске алыш керек» , — деди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Жаныбек Абиров 12-мартта мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылып, ага «мээнин жабык жаракаты» диагнозу коюлган. Жабырлануучу ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура Абировду жоопкерчиликке тартууну сураган.

Жаныбек Абиров мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин белгилеп, мандатын тапшырарын айткан. БШК Абировду 27-мартта мандатынан ажыраткан.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Бишкектин Ленин району боюнча округда кайра шайлоо дайындалып, 28-майда өткөн. Бирок эки талапкер добуш сатып алууга айыпталып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM