Биз менен байланышыңыз

Ошто милициянын кайгуул кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты

Кыска кабар | 29 Июл 2023 | 177 | 0
Сүрөт: Turmush басылмасы.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери 28-июль күнү кечинде нааразылык акциясына чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынын башчысы Айбек Жумагулов менен кызматкерлер ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатканы айтылып, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуу жолдошту. Топтолгондор жетекчинин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы милициянын кайгуул кызматы иш таштабаганын билдирди.

Аталган кызматтын айрым кызматкерлери милициянын кайгуул кызматынын имаратына топтолушуп, кызмат убактысын кароону жана өздөрүнүн жетекчисинин ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу айтышкан.

«Айтылган сунуштар, нааразычылыктар ИИМдин жана милициянын кайгуул кызматынын жетекчилигине жеткирилген.29-июль күнү ИИМ тарабынан түзүлгөн ар тараптуу комиссия келип, текшерүү иштерин баштайт. Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугу сакталууда. Кызматкерлер өз кызматтарын улантышууда. Айрым социалдык түйүндөрдө жазылган «иш ташташты» деген пикир чындыкка туура келбейт» , — деп айтылат маалыматта.

Айбек Жумагулов быйыл 23-майда Бишкек милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгынан бошотулуп, Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынын башчысы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM