Connect with us

Бишкектеги орус тилдүү 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу тапшырылды

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 1522 | 0

Бишкек шаарында жалпы 103 мектеп болсо, анын 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

25-июлда Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу боюнча тапшырма берилди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-февралында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарын, тайпаларын ачуу жөнүндө №16 сандуу буйругун чыгарган.

Окутуу толук кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 14 мектеп:

— Ленин району — ОМ №77, №93, МГ №68;

— Октябрь району — МГ №91;

— Биринчи май району — ОМ №81, №86, №99, №101, МГ №69, №78, БГИ №1;

— Свердлов району — ОМ №43, №87, МЛ №76.

Окутуу толук орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектеп:

— Ленин району — ОМ №25, ШГ №13;

— Октябрь району — ШРМ №1, ШГ №20, №26, №37, МЛ №17;

— Биринчи май району — ОМ №27, №41, МГ №24, №29, №48, МЛ №61;

— Свердлов району — МГ №12, №23, №33.

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлгөн 73 мектеп:

— Ленин району — ОМ №2, №7, №8, №22, №40, №42, №44, №47, №50, №55, №57, №58, №59, №79, №80, №82, №84, №90, №96, №97, №102, ШРМ №10, МГ №9, №31, №72, №95, МЛ №74;

— Октябрь району — ОМ №3, №14, №34, №56, №60, №71, ;73, №88, №98, №97, №100, №103, ШГ №39, №62, №63, №64;

— Биринчи май району – ОМ №15, №18, №19, №49, №54, №83, МГ №6, №70, МЛ №28, №75;

— Свердлов району – ОМ №1, №10, №11, №16, №21, №30, №32, №35, №45, №46, №52, №53, №85, №89, №94, МГ №4, №38, №51, №66, №67, МЛ №65.

 

Copyright © 2017 Maral FM