Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн суусунда изделип жаткан наристенин сөөгү табылды

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 399 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 27-июль күнү Чүйдүн Аламүдүн суусунан бир аптадан ашык убакыттан бери изделип жаткан наристенин сөөгү табылды.

Бүгүн издөө ишине озгөчө кырдаалдар министрлигинин Аламүдүн райондук куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган. Бир жашар кыздын сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы «Таштар-Ата» дачасынын аймагында агып өткөн Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылып, кабарланган.

Куткаруучулар кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып,  ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

18-июль күнү Аламүдүн суусуна бир жашар кыз түшүп кеткен. Кызын куткарам деген келин 1996-ж.т. А.Э. да сууга агып кеткен.

Ошол эле күнү куткаруучулар келиндин жансыз денесин табышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM