Бүгүн, 27-июль күнү Чүйдүн Аламүдүн суусунан бир аптадан ашык убакыттан бери изделип жаткан наристенин сөөгү табылды.
Бүгүн издөө ишине озгөчө кырдаалдар министрлигинин Аламүдүн райондук куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган. Бир жашар кыздын сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы «Таштар-Ата» дачасынын аймагында агып өткөн Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылып, кабарланган.
Куткаруучулар кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
18-июль күнү Аламүдүн суусуна бир жашар кыз түшүп кеткен. Кызын куткарам деген келин 1996-ж.т. А.Э. да сууга агып кеткен.
Ошол эле күнү куткаруучулар келиндин жансыз денесин табышкан.