Connect with us

Кыргызстандыктар кайсы саясатчыга ишенет? Сурамжылоо

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 438 | 0

АКШнын Эл аралык республикалык институту (IRI) жүргүзгөн улуттук сурамжылоого ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун рейтинги 3 пайызга төмөндөдү.

Сурамжылоо 5-майдан 25-майга чейин жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогорку курактагы 1500дөй кыргызстандык катышты.

Садыр Жапаровго респонденттердин 35 пайызы ишенерин айткан, 2022-жылдын сентябрында бул көрсөткүч 38 пайызды түзгөн.

Андан кийинки орунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев турат, ага респонденттердин 14 пайызы ишенет. Көрсөткүч да өткөн жылдын сентябрына салыштырмалуу 4 пайызга төмөндөгөн.

Үчүнчү катарда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бар, ага былтыркы ушундай сурамжылоого катышкандардын 11 пайыз ишеним көрсөткөн, быйыл 13 пайызга артты.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго респонденттердин 6 пайызы ишенерин айткан. Өткөн жылдын сентябрь айында бул көрсөткүч 10 пайыз болчу.

Copyright © 2017 Maral FM