Биз менен байланышыңыз

Алты айда 5 тоннадан ашык баңгизат колго түштү

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 178 | 0

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 6 айда аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, 6 айда ички иштер органдары тарабынан 753 баңгизат кылмышы аныкталып, 5 тоннадан ашык баңгизат, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Ошондой эле аталган мезгил аралыгында баңгичиликтин алдын алуу багытында 180ден ашык иш-чара өткөрүлгөн.

Мындан сырткары, 6 айда ишти начар уюштургандыгы үчүн бир нече облустук башкармалыктын жетекчилери жана кызматтын бир катар кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM