Биз менен байланышыңыз

Быйыл 6 айда жол тармагына 3 млрд сом сарпталды

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 163 | 0
Быйыл 6 айда жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 3 млрд 289 млн 800 миң сом же 2023-жылга каралган каражаттардын 52%ын түздү. Жол тармагы боюнча иштердин көлөмү 1 млрд 651 млн сомго аткарылып, 96 км асфальт төшөлүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 38 кмге көп, же болбосо 67 %га өскөн. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, быйыл жалпы пайдалануудагы жолдорду курууга, кармоого жана оңдоого жалпысынан 6 млрд 350 млн 700 миң сом каралган.
Учурда Балыкчы-Бөкөнбаев, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка, Нарын-Баетов, Баткен-Кара-Бак-Чоң-Талаа, Төрт-Гүл-Миң-Өрүк жолдоруна жана Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле 6 айдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын аэропортундагы иштер толугу менен бүткөрүлүп, 7600 чарчы метр асфальт төшөлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM