Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад боюнча кармалгандар эл аралык уюмдарга кайрылышты

Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 420 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча абакка алынгандар АКШнын, Германиянын, Франциянын, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчилерине, Европа Комиссиясына жана Европа Парламентине кайрылуу жасашты. Кайрылуу абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Кайрылууда абакта жаткандар дипломатиялык мекемелер менен эл аралык уюмдардан Кыргызстандын жогорку бийлик жетекчилерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө персоналдык санкция киргизүүнү суранышкан. Тизмеде президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Уулан Ниязбековдун аты аталган.

«Президент Жапаров ишкерлерди коркутуп, ачыктан ачык каражат чогултуп, президенттик фонд ачты. Ал эми УКМКнын төрагасы К. Ташиев ишкерлерден чогулткан каражатка УКМКнын имараттарын куруп атат. Биз бул кадамдарды коррупция деп эсептейбиз.
Ушул фактыларга таянып, адам укуктарын системалуу түрдө бузуп, эркиндиктерди чектеп, коррупциялык система түзгөндүктөрү үчүн С. Жапаровко, А. Жапаровко, К. Ташиевке, К. Зулушевке, У. Ниязбековко жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө персоналдык санкция киргизүүңөрдү алардын жакындарына виза берүүдөн баш тартууңарды суранабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле алар жогоруда аты аталган жогорку мамлекеттик кызматчылар Кыргызстандагы фундаменталдуу эркиндиктердин чектелишине, адам укуктарынын бузулушуна, коррупцияларга, жарандык коомду, эркин журналисттерди, укук коргоочуларды жана оппозициялык саясатчыларды куугунтуктоолорго түз дагы, кыйыр дагы тиешелери бар деген пикирди айтышкан.

Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрда кармалган 27 адамдын 14ү камакта жатат. Калгандары үй камагына чыккан. «Кемпир-Абад иши» дээрлик сегиз ай тергелип, 19-июнда тергөөдөгү иштер сотко өткөрүлгөн.

Саясатчы, активист жана блогерлер 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргө» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM