Биз менен байланышыңыз

Карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 260 | 0

Эртең, 27-июлда Бишкек шаарындагы дебитордук карызы бар 6200дөн ашык абоненттин электр жарыгы дистанциялык түрдө өчүрүлөт.

Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме жарандарды электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Жарык үчүн карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTS («Касса-24»), Megacom, «О!», «Оңой» төлөм терминалдары;

«О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары;

РСК Банк, Керемет Банк, ДосКредоБанк, Бакай Банк, Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН, Халык Банк, KICV Банк, Оптима Банктын кассаларында;

«Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасында төлөөгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM