Эртең, 27-июлда Бишкек шаарындагы дебитордук карызы бар 6200дөн ашык абоненттин электр жарыгы дистанциялык түрдө өчүрүлөт.
Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме жарандарды электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.
Жарык үчүн карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTS («Касса-24»), Megacom, «О!», «Оңой» төлөм терминалдары;
«О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары;
РСК Банк, Керемет Банк, ДосКредоБанк, Бакай Банк, Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН, Халык Банк, KICV Банк, Оптима Банктын кассаларында;
«Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасында төлөөгө болот.