Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атадагы кырсык: Скутердин айдоочусу 16 жаштагы бала кармалды

Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 1233 | 0

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында байкоосуздуктан эки адамдын өлүмүнө алып келген скутердин айдоочусу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси («Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, шектүү катары Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну сот тарабынан баш коргоо чарасы көрүлгөнгө чейин райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

23-июлда Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө балон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада үч адам денесинен жараат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.

Жабыркаган үч адамдын экөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Суу аттракциондоруна түшүүдөгү коопсуздук боюнча кеңештер

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM