Биз менен байланышыңыз

Суу аттракциондоруна түшүүдөгү коопсуздук боюнча кеңештер

Блог , Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 426 | 0

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 23-июлда суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган. Андан үч адам жабыркап, экөө каза болду.

Ысык-Көл облустук милициясы сууда сүзүүчү каражаттарга түшүүдө коопсуздукту кантип сактоо керектиги боюнча кеңеш берди.

* Суу аттракциондорунун кызматтарын колдонуудан мурун ээлеринен же уюштуруучуларынан лицензия, сертификат жана уруксаттарды талап кылыңыз. Анткени суу оюн-зоок жайлары Кыргызстандын ченемдик актыларына ылайык, каттоонун бардык зарыл болгон жол-жоболорунан өтүүгө, уруксат алууга, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Мисалы, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги суу транспортунун техникалык шайкештигине, кеме айдоочуларын аттестациялоого, кеме токтоочу жайлардын ченемдерине ылайык келүүсүнө уруксат жана жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензия берет.

* Суу аттракциондорунун кызматы кандай көрсөтүлөрүн, кардарларды сүзүү каражаттары менен кайда жана кандай ылдамдыкта ташып жатканын жакшылап карап чыгыңыз. Бул кызматтарды көрсөтүп жаткан жарандарды жакшылап изилдеңиз.

Анткени өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, төмөнкүлөргө ээ болгон адамдарга мотор кайыгын (катер) же башка суу моторлуу каражаттарын айдоого уруксат берилет:

— кеме билети жана техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу белгиси коюлган кеме күбөлүгү же тийиштүү каттоочу, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, катталгандыгын далилдеген кеме документтеринин топтому;

— контролдоо талону бар чакан кемени айдоого укук берген кеме айдоочусунун документи (диплом, күбөлүк);

— бортто болгон бардык адамдардын паспорту же күбөлүгү;

— ээси жок болгон учурда, жеке жакка тиешелүү чакан кемени башкарууга укук берүүчү, нотариус күбөлөндүргөн ишеним кат.

Эгер сиз бул эрежелердин сакталбагандыгына күбө болсоңуз, анда тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүү керек.

Өкмөттүн жогоруда аталган токтомуна ылайык, суудагы коопсуздук чараларынын талаптарынын аткарылышын жана сакталышын контролдоо төмөнкүлөргө жүктөлөт:

— көлмөлөрдү өндүрүш зарылчылыкта, ден соолукту чыңдоо, спорттук же башка максаттарда, ошондой эле жарандардын жалпы эс алуусуна колдонгон ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана башка чарбалык субъектилердин жетекчилерине;

— суучулдарды даярдоо борборунун бөлүмдөрүнө;

— ӨКМдин башкармалыктарына.

* Учурда орун алып жаткан аба ырайына сөзсүз көӊүл буруӊуз. Жээктеги куткаруучулардын эскертүүсү болсо, анда аны куру коркунуч деп

ойлобошуӊуз керек. Катуу шамал болуп, көлдө чоң толкундар болсо, өз өмүрүӊүздү тобокелге салбаӊыз.

* «Банан», «таблетка» сыяктуу суу аттракциондорунда жүргөндө куткаруучу жилет кийүү зарыл. Кайык сизге келгенче жилет суунун үстүндө калууга жардам берет. Тереңдиктен жана ачык суу мейкиндигинен корккондорго мындай аттракциондордо убакытын өткөрүү сунушталбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM