Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуудагы тоннель 10 саатка жабыла баштады

Кыска кабар | 26 Июл 2023 | 427 | 0

Бүгүн, 26-июлдан тарта Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Буга байланыштуу 6-августка чейин 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизиле баштады.

Сосновка өткөрүү пунктунан оор жүк ташуучу унаалар түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил унаалар эртең мененки саат 06:00дөн 16:00гө чейин өтө албайт.

Бишкекти көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу унаалар таңкы саат 05:00дөн-16:00гө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил унаалар саат 06:00-16:00гө чейин өтпөйт.

Бул күндөрү тоннелдин 2510 метр жолу асфальтталат.

Copyright © 2017 Maral FM