Биз менен байланышыңыз

БШК: Жаныбек Абиров депутаттыкка талапкер боло албайт

Кыска кабар | 25 Июл 2023 | 243 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров 24-июлда фейсбук баракчасында түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, кайрадан депутаттыкка барууну ойлоп жатканын айтты.

«Жакында Ленин району боюнча шайлоо өтөт, катышайын деген ниетиңиз барбы? деген суроолор болуп жатат. Азыр ойлонуп жатабыз, командабыз, үй-бүлөдө сүйлөшүп жатабыз. Бул чечим оңой болбойт» , — деди Абиров.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Жаныбек Абиров депутаттыкка талапкер боло албай турганын айтты.

«Конституциялык мыйзамда кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон жаран кайра шайлоого катыша албайт деген норма бар. Моралдык жагынан караганда да туура эмес болот. Мындан тышкары, каржылык чыгымдарды эске алыш керек» , — деди Бекматов.

Жаныбек Абиров 12-мартта мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылып, ага «мээнин жабык жаракаты» диагнозу коюлган. Жабырлануучу ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура Абировду жоопкерчиликке тартууну сураган.

Жаныбек Абиров мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин белгилеп, мандатын тапшырарын айткан. БШК Абировду 27-мартта мандатынан ажыраткан.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Бишкектин Ленин району боюнча округда кайра шайлоо дайындалып, 28-майда өткөн. Бирок эки талапкер добуш сатып алууга айыпталып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бул округда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген. Учурда талапкер болууга арыз бергендердин саны сегизге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM