Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Согди облусунун күч органдарынын жетекчилери жолугушту

Кыска кабар | 25 Июл 2023 | 203 | 0

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы бүгүн, 25-июлга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн билдирди.

Бүгүн «Кызыл-Бел автодорожный» өткөрмө пунктунда саат 9:00дө Баткен облусунун жана Согди облусунун күч органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүүдө.

Кечээ, 24-июлда Баткен облусунун Баткен районундагы Дача тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда болгон чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында тараптардын чек ара өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ортосунда бир нече жолугушуулар өткөрүлгөн.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

  • Тараптардын укук коргоо органдары тарабынан коюлган көзөмөл-өткөрүү пункттарын алып салуу: кыргыз тарап Дача тилкесинде, тажик тарап Хожай-Аало чек ара заставасынын (ТР) алдындагы жолдун жанында;
  • чек ара инцидентине айланып кетиши мүмкүн болгон чек ара аймактарында чыр-чатактарды болтурбоо боюнча чараларды көрүү;
  • Аймактык укук коргоо органдарынын бөлүктөрү менен каттам боюнча биргелешкен күзөттөрдү жүргүзүү.

Мындан тышкары, кечээ мурда посттор орнотулган жолдордо унаалардын кыймылы калыбына келтирилип, эки мамлекеттин чек ара аймактарынын калкына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле окуя боюнча иликтөө жүргүзүү, ага тиешеси бар адамдарды аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин карап чыгышты.

Тажик тарап Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкеринин унаасына келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM