Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

Кыска кабар | 25 Июл 2023 | 183 | 0

Бүгүн, 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында чек арага жакын аймактардын тургундары ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жарандары Ак-Сай айылынын Д.Ж. жана Д.А. аттуу тургундары өз унаасында Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ошол маалда аталган жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 унаадан турган колонна Ворух   анклавынан Кожалы (Хожаи-Аъло) айылына бараткан. Тажикстандын жарандары өзүнүн унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын унаасынын жолун кесишкен.

Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын менен  Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн  окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген.

Бирок ал кызматкер окуя болгон жерге келгенде Тажикстандын жарандары — Ходжаи-Аало  айылынын тургундары ага кол салышкан. Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, унаасынын артты көрсөткөн күзгүсүн сындырган.

Учурда Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

“Кыргызстандын бардык күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө. УКМК Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, бардык маалыматты мамлекеттик органдардан тактоого чакырат”, — деп айтылат.

Учурда чек арага чектешкен аймактарда кырдаал туруктуу.

Эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды.

Copyright © 2017 Maral FM