Биз менен байланышыңыз

Иш учурунда каза тапкан прокурорго бериле турган кенемте азайды

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 298 | 0

Президент Садыр Жапаров 24-июлда «Прокуратура жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койду. Ага ылайык, прокуратура кызматкерлери иш милдеттерин аткарып жүрүп каза тапкан же майып болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө бериле турган кенемтенин көлөмү азайтылды.

Мурдагы мыйзамдагы «20 жылдык эмгек акысын кенемте катары берүү» жобосу «20 айлык эмгек акысын берүү» деп өзгөртүлдү.

Прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда майыптык алып калса, бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:

I топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;

II топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;

III топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.

Конституциялык мыйзам мамлекет башчы демилгелеп, мыйзамды кенемте суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын үй-бүлөсүнө колдоо боло тургандай негизде өзгөртүп жазып чыгууну Каржы министрлигине тапшырган.

Быйыл май айында Чаткал районунун каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөнөрү  Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM