Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Тажик жоокери кокусунан ок чыгарган

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 689 | 0

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Маалыматка караганда, 23-июлда Тажикстандын аймагында тажик тараптын «Плотина» чек ара постунда 2 жолу ок атылган. Ошол эле күнү Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тажик тарап чек ара постунда жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алганы маалымдаган. Жараат алгандар болгон эмес. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Тараптар бардык көйгөйлүү тилкелерде чек араны кайтарууну уюштуруунун эрежелерин жана чыр-чатактуу жагдайларга алып келе турчу жалган маалыматтарды таратпоо тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын талкуулашты.

УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара заставасынын башчысы ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык тармакка чыгарып салган.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч.

Copyright © 2017 Maral FM