Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров орус тили жана Лавровдун пикири тууралуу жооп берди

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 461 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине 24-июлда берген маегинде мамлекеттик тил боюнча кабыл алынган мыйзам жана ага карата Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун пикири тууралуу үн катты.

Садыр Жапаровдун айтуусунда, мыйзамда орус тилине карата кысым жок. Тескерисинче, орус тили расмий тил катары колдонулат деп белгиленген. Бул норма башмыйзамда да бар жана кала берет.

«Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен врачтарга тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны “сен кыргызча билбейт экенсиң” деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз. Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү» , — деди Садыр Жапаров.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдирген.

«Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирүү тууралуу айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калды. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабай», — деген Лавров.

Президент Садыр Жапаров 18-июлда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, мамлекеттик тил милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш болгон чөйрөлөр белгиленген:

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде;

– шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо, өткөрүү процессинде;

– сот өндүрүшүндө, Куралдуу күчтөрүндө, укук коргоо органдарында;

– эл аралык келишимдерди түзүүдө;

– ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө, документ жүгүртүүдө;

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы мекемелердин жана уюмдардын аталыштарында;

– географиялык аталыштарда жана топонимика объекттеринин аталыштарында, адам аттарында;

– товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар;

– билим берүү, илим, маданият чөйрөлөрүндө, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгарууда, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын пайдалануучулар интерфейстеринде, эл алдындагы иш-чараларда, жарнама, транспортто, керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө.

3) 11-беренеде (Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын аталыштары) биргелешкен, чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылат. Кыргыз тилинин жазуу тамгаларынын транслитерациясын колдонуу эрежелери мамлекеттик тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет деп аныкталган;

Телерадио уюмдары үчүн мамлекеттик тилде берүүнүн милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек.

Мындан тышкары, расмий тил катары орус тили пайдаланылаары аныкталган. Расмий тилди пайдалануу мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Кыргызстанда жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет.

Copyright © 2017 Maral FM