Биз менен байланышыңыз

Ак-Ордодогу кырсыкта жабыркаган дагы бир жүргүнчү каза болду

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 364 | 0

Бишкек четиндеги Ак-Ордо 3 конушунда кичи автобус менен болгон кырсыктан кийин реанимацияда жаткан дагы бир жүргүнчү каза болду. Бул маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Кырсыктын кесепетинен жараат алган 50 жаштардагы аял жандандыруу бөлүмүндө жаткан, ал түндө ооруканада үзүлгөн.

19-июль күнү Ак-Ордо 3 конушунун Элмирбек Иманалиев көчөсүндө жүргүнчү салып жаткан кичи автобусту жүк ташыган унаа артынан келип сүзгөн. Кырсыктан 1 адам каза болуп, 4 адам реанимацияга жаткырылган, жалпы 23 киши жабыркаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалган.

Маалыматка караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган Т.Ч. аттуу жаран экендиги  аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM