Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: «Семёнов-Тянь-Шань» чокусунда жоголгон турист изделүүдө

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 141 | 0

Ала-Арча капчыгайындагы «Семёнов — Тянь-Шань» чокусунан дайынсыз жоголгон турист изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

14-июлда 1991-жылы туулган К.С. аттуу жаран «Семёнов — Тянь-Шань» чокусуна чыгып кеткен бойдон байланышка чыкпай жаткандыгын айтып, туугандары министрликке кайрылышкан.

Издөө иштери жүрүп, 23-июлда кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышкан. Издөөдөн жыйынтык болгон эмес. Куткаруучулар «Хижина Наук» альплагеринде  түнөккө калышкан. Издөө иштери бүгүн, 24-июль күнү улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM