Биз менен байланышыңыз

Баку-Бишкек багытында аба каттамы ачылды

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 226 | 0

Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке биринчи аба каттамы аткарылды. 23-июлда алгачкы каттамды «Манас» эл аралык аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты.

Азербайжандын AZAL авиакомпаниясы Баку-Бишкек-Баку багыты боюнча  үзгүлтүксүз авиакаттамдарды жумасына бир жолу -жекшемби күндөрү аткарат.

Авиабилеттерди www.azal.az расмий сайтынан, ошондой эле авиакомпаниянын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.

Баку шаарынан Бишкекке түз аба каттамдары ачылары тууралуу кептер 2019-жылдан бери айтылып келген. 2021-жылы президент Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алганда да Баку-Бишкек аба каттамын ачууну тездетүү тууралуу сөз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM