Биз менен байланышыңыз

24-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 23 Июл 2023 | 296 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-июлда түнкүсүн өлкөнүн аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +23…+28, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Нарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23, күндүзгү жогорку температурасы 36…38 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM