Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктарды Польшада ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 23 Июл 2023 | 241 | 0

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Гливице шаарындагы (Польша) Ардактуу консулу Януш Кшивошинскийдин коштоосунда кадрларды тандоо жана жеке консультация боюнча адистешкен польшалык “Eurokadra Group” компаниясынын жетекчиси Вислав Яминскини кабыл алды.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандан Польшага кадрларды даярдоо жана тартуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ямински “Eurokadra Group” уюму менен тааныштырып, анын тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу кеңири айтып берди. Ал Кыргызстандан 18 жаштан 40 жашка чейинки жана айрыкча эркектерди тартууга болгон суроо-талап күч экенине токтолду.

Өз кезегинде элчи Өмүрбек Текебаев Польша тарап менен Кыргызстандын жарандарын Польшада уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча системалуу кызматташууну түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Польшада кыргызстандык жумушчуларды ишке орноштуруу маселесин алдыга жылдыруу максатында жакын арада Вислав Ямински менен Януш Кшивошинскийдин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жана кызыкдар мамлекеттик органдар, ата мекендик компаниялар менен жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM