Биз менен байланышыңыз

Ташиев эки жылда аскердик техника алууга канча акча кеткенин айтты

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 532 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда министрлер кабинетинин жыйынында аскердик техникалар масштабдуу түрдө жаңыланганын айтты.

Анын маалыматы боюнча 2020-жылы бул багытка 3-5 млрд сом жумшалса, 2021-жылы 32 млрд сом сарпталган. Былтыр 53 млрд сом жумшалган. Быйыл жарым жылдыкта 40 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү.

«Бул эки жарым жылда аскердик техниканы жаңылоого 120 млрд сом бөлүндү дегенди билдирет. Мындай чечкиндүү кадамдардан улам «Байрактар», «Аксунгур» жана «Акынжы» деген учкучсуз аппараттарды, абадан коргоочу жабдууларды, Ми-8, Ми-17 үлгүсүндөгү тик учактарды сатып алдык. Аскердик техника жана курал-жарактар жардам катары же карызга эмес, мамлекеттик бюджеттен алынып жатат» , — деди Ташиев.

УКМК төрагасы мамлекетке салык төлөгөн элге ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM