Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия — Араб мамлекеттеринин кийинки саммитин Ысык-Көлдө өткөрүү сунушталды

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 258 | 0

Сауд Арабиянын Жидда шаарында 19-июлда «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» аттуу президенттердин саммити өттү.

Иш-чара Сауд Арабиясынын мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауддун төрагалыгы алдында өттү.

Президент Садыр Жапаров саммитте сөз сүйлөп, региондор аралык кызматташтыкты жана энергетика, инфраструктура, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү жана инновация сыяктуу тармактарда тажрыйба алмашууну илгерилетүүнү сунуштады. Катышуучулар 2023-2027-жылдарга багытталган биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Жапаров Кыргыз Республикасы экономиканы өнүктүрүү, соода, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерин талкуулоо үчүн министрлердин жолугушууларын, бизнес-форумдарды, маданий жана спорттук иш-чараларды өзүндө өткөрүүгө даяр экенин айтып, 2024-жылдын жай айларында Ысык-Көлдө «Борбордук Азия – Булуңдун араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» биринчи инвестициялык форумун өткөрүүнү сунуштады.

Мамлекет башчы 18-июлда Сауд Арабиясына падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барды. Аны Жидданын эл аралык аэропортунан Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды.

Сапар алкагында Садыр Жапаров “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи cаммитине катышты жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

2022-жылы сентябрда Сауд Арабиянын баш калаасында Перс булуңундагы жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин алгачкы жолугушуусу өткөн.

Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине аталган булуңга чыгуу мүмкүндүгүнө ээ алты араб өлкөсү кирет — Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Бахрейн, Оман жана Катар.

Copyright © 2017 Maral FM