Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дары-дармектердин баасын жөнгө салган жаңы эрежелер кирди

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 395 | 0

Кыргызстанда дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

31-майда министрлер кабинети дары-дармектерге максималдуу дүң жана чекене бааларды белгилөөгө багытталган токтом кабыл алган.

Маанилүү дары-дармек каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дарыларга жогорку баалар белгиленет.

Бааны түзүүдө башка өлкөлөрдөгү баалар, жеткирүү чыгымдары, бажы алымдары жана жыйымдар эске алынат. Мындан тышкары, регрессивдүү баа шкаласы колдонулат. Фармацевтикалык уюмдарга дары-дармектерди белгиленген баанын чегинен жогору сатууга тыюу салынат.

Эрежелер ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган дары-дармек каражаттарына, 100 сомго чейинки жеткирүү баасы бар дары-дармек каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында контролго алынуучу баңги каражаттарына жана психотроптук каражаттарга тиешеси жок.

Эң жогорку дүң жана чекене бааларды эсептөө, каттоо Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар департаменти тарабынан жүргүзүлөт.

Жарандар QR кодун сканерлеп, дарылардын баасын текшере алышат. Эгер жарандар дары-дармектердин баасы кымбаттаганын байкаса, даттанууну Дары-дармек департаментинин www.pharm.kg сайтына калтырса болот.

Copyright © 2017 Maral FM