Connect with us

Матроним чыры: Консоттун чечимин кайра кароо сунушу

Саясат | 19 Июл 2023 | 943 | 0

Президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга жол берген мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Мыйзам долбоору президенттин сайтында коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунда Конституциялык соттун чечимин үч учурда кайра кароого мүмкүнчүлүк берүү сунушталып жатат. Мыйзам боюнча Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт. Консоттун чечимин кайра кароого мүмкүндүк берүү демилгеси канчалык туура? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга жол берген мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Мыйзам долбоорунда «Конституциялык сот жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, президент же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен Конституциялык соттун чечими кайра каралып, жокко чыгырылышы мүмкүн, эгерде:

  • чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргызстандын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
  • чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
  • чечим Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Мыйзам долбоору боюнча аталган учурда Конституциялык сот чечимди кайра кароо жөнүндө токтом чыгарып, мурдагы чечим жокко чыгарылат.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Молдобаев «КР соту жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамынын долбоору боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул мыйзам менен Конституциялык сотко өзүнүн чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берилүүдө.

«Конституциялык сотто өз чечимдерин кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүк болушу керек. Мисалы, Конституция өзгөрүлсө, же жаңыдан ачылган жагдайлар болсо, элдин моралдык моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келген учурда. Соттор да ката кетирет, айрым учурда туура эмес документтер берилет, ошол учурда ката кетет. Конституциялык чечимди кайрадан соттор өздөрү карап чыгат. Алардын үстүнөн башка эч ким көзөмөлдөбөйт».

Молдобаев президент жана Конституциялык соттун төрагасынын демилгеси менен чечимдерди кайрадан караса болоорун кошумчалады.

Буга чейин Конституциялык сот ар бир жаран 18 жашка толгондон кийин өз фамилиясына, кааласа, энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарган. Аталган маселе коомчулукта резонанс жаратып, талкууга алынган. Соттун чечими боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да билдирүү жасап, «эч кандай матчество болбошу керек. Ким (чечим — ред.) кабыл алган болсо, өзү кайра жокко чыгарышы керек! Бул менин жарандык позициям» деген.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Президенттиик аппарат сунуштап жаткан мыйзам долбоору буга чейин коомчулукта кызуу талкууга кабылган Конституциялык соттун «баланы эненин атына каттоо» боюнча чыгарган чечимин улай болуп жатканыдыгын айтат.

Анын айтымында, Консот иштеп турган мыйзамды конституциялык талаптарга ылайыктоо керектиги жөнүндө чечим чыгарган. Эч ким, эч кандай аракетке, өзүнө жагымсыз өзгөрүүгө мажбурланган эмес. Президент өзү кол койгон Конституцияда «консоттун чечимдери акыркы жана даттанууга жатпайт» деп даана жазылып турат.

«Бул туура эмес демилге. Кимдир бирөөгө жакпаган чечимдин негизинде эле Конституциялык негиздерге доо кетирчү болсок, бизди чоң катачылыкка алып барат. Буга чейинки консоттун матроним боюнча чечими мыйзамдын алкагында кабыл алынган чечим. Акыркы жылдардагы Конституциялык соттордун практикасында чечимдерин кайра кароо мүмкүн эмес. Консот чечимдерин Башмыйзамдын негизинде аны чечмелөөнүн негизинде гана чечим чыгарат. Эгерде алардын чечими кайра каралуусу жана чакыртып алуу мүмкүн болсо, анда соттун дээрлик кереги жок болот. Анда консотсуз деле жашасак болот. Консотто кылмыш иши же админстративдик талаш-тартышттар чечилбейт, бул жерде Конституциянын алкагында гана маселелер чечилет. Белгисиз жагдайлар боюнча кеп деле болбойт. Анткени бул жаңы жагдай пайда болчудай кылмыш соту эмес. Эң эле коркунучтуусу элдин адеп-ахлагына карама-каршы келген нерселерге юридикалык негизде талдап, так аныктама берилген эмес. Эл кайсы жагын жолдосо, ошол жак нарк-насил болуп кете берет. Эгерде үчүнчү учурга таяп чеим чыгара турган болсо, анда Конституциянын өзүнүн мааниси жокко чыгат». 

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева сунушталып жаткан мыйзам долбоору ал үчүн күтүлбөгөн демилге болгондугун жана Президенттик администрациянын демилгеси Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келерин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бийлик бутактарынын ортосунда баланс сакталган эмес. Учурда барына монополия кылып жаткан орган Президенттин администрациясы. Ошол эле учурда Парламент менен сот системасынын көз карандысыздыгы. Конституциялык сот Жогорку соттон дагы айырмаланган, өзгөчө иш формасы бар орган. Бүгүгнкү күндө Конституциялык соттун болгон ыйгарым укуктарына карата жүрүп жаткан кыскартуулар мен үчүн түшүнүксүз. Мен муну бийликте отурган өзгөчө топтордун каалоосу эле болуп калды деп ойлойм. Мунун негизи Консоттун матроним боюнча чыгарган чечими. Анда ар бир жаран 18 жаштан кийин каалаган учурда энесинин атына өз эрки менен каттала ала тургандыгы боюнча айтылат. Ошондуктан Президенттик администрация сунуштаган демилге Конституциянын негизги концепциясына дал келбейт жана биздин конституциялык түзүлүш, мамлекеттик программаларга стратегиялык документтерге дал келбеген норма деп эсептейм».  

Кыргыз Республикасынын Конституциясы — Кыргызстандын башкы мыйзамы. Азыркы учурдагы иштеп жаткан конституция 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган. Конституциялык сот – бир катар өлкөлөрдө жападан жалгыз же башкы милдети конституциялык көзөмөлдү ишке ашыруу болгон өзгөчө орган. Жогорку соттордон айырмаланып ал жалпы юрисдикциядагы соттордун тармагына кирбейт. Кээ бир өлкөлөрдө ал өзгөчө категориядагы сот болуп саналат жана тийиштүү сот тармагына кирет, башка өлкөлөрдө сот бийлигине тийешеси жок өзгөчө көзөмөлдөө органы болуп эсептелет. Конституциялык көзөмөлдү ишке ашыруу менен бирге эле конституцияны чечмелөө, саясий партиялардын ишмердиктеринин конституцияга ылайыктуулугу тууралуу маселени чечүүгө, компетенциялар тууралуу талаштарды кароого укуктуу. КР Конституциялык соту КР Конституциясын коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Мыйзам боюнча Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Copyright © 2017 Maral FM