Биз менен байланышыңыз

Аскердик милдет жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 378 | 0

Президент Садыр Жапаров  «Кыргызстандын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 7-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Документте жогорку аскердик окуу жайларды аяктагандардын келишим боюнча аскер кызматынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу каралган.

Ошондой эле коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берүү каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM