Биз менен байланышыңыз

Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районунун акими кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 114 | 0

Мураталы Тагаев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Мураталы Тагаев быйыл 31-мартта Ленин районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматын аркалаган.

2018-жылы Жалал-Абад шаарына мэр болуп шайланып, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин отставкага кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM