Биз менен байланышыңыз

Орунбеков курулушка миңдеген жумушчу жетпей жатканын айтты

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 1996 | 0

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков курулуш тармагында миңдеген жумуш орундары бош турганын айтты.

Ал бир кезде кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө курулушчу болуп иштешкен болсо, учурда өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатканын фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кыргызстанда оор сыноолор, чек арадагы кагылышуудан кийинки ири чыгымдарга карабай өлкө аймагында курулуштар кызуу жүрүп жатат. Быйыл 204 мектептин курулушу башталды, анын жүздөйү ушул жылы бүтөт. Ар кандай социалдык обьектилер, жолдор, ГЭСтер, ипотекалык үйлөрдүн курулуштары бар. Жеке курулуш компаниялары дагы көп кабаттуу үйлөрдү курууда.

Бир кезде Кыргызстанда жумуш орундары жок, элибиз чет өлкөгө кетип, курулушчу болуп иштешкен. Учурда бизге адам күчү жетишпей, курулуш тармагында эле миңдеген жумуш орундары бош. Төмөнкү видеодо кызматкерлер үчүн жумуш орундары сунушталды, айлык акылары 80 миң сомдун тегереги» , — деди Орунбеков.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда транспорт министрлигине атайын техникаларды тапшырып жатып, кыргыздар жалкоо болуп, жакшы иштебей койгодуктан президенттик администрация үчүн жаңы имараттын курулушуна Дубайдан келген 800 жумушчу тартылганын айткан.

«Төрт жүздөн ашык кыргыз жигиттери иштеп жатат. Эми, аман эле бололу, бир күндө 8 саат иштеш керек болсо, беш эле саат иштейт. Кээ бири дем алыш күндөрүнөн кийин дүйшөмбү да ишке келбей коет. Бир саат түштөнөт, бир саат телефон чукуйт, бир саат тамеки тартат, үч саатын ушинтип жоготот. Чет өлкөлүктөр бир күндө кыла турган ишти биздин кыргыздар бир жумада да бүтүрө албай жатабыз. Айлабыз кетип, Дубайдан учуп келген 800гө жакын курулушчуну Бишкекке токтотуп калдык. Силер ушуну сентябрга чейин бүтүрүп берип, андан ары «Асман» шаарын куруп бергиле дедик» , — деди Садыр Жапаров.

«Асман» шаары 30-июнда курула баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM