Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабияга барат

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 192 | 0

Президент Садыр Жапаров 18-20-июлда «Борбор Азия — Перс булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» аттуу саммитке катышуу үчүн Сауд Арабияга барат.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Саммитте өлкө президенттери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Садыр Жапаров Перс булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.

2022-жылы сентябрда Сауд Арабиянын баш калаасында Перс булуңундагы жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде алгачкы жолугушуу өткөн. Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине аталган булуңга чыгуу мүмкүндүгүнө ээ алты араб өлкөсү кирет: Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Бахрейн, Оман жана Катар.

Copyright © 2017 Maral FM