Биз менен байланышыңыз

18-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 246 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 18-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +35…+40,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +34…+39,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +21…+23, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM