Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 18-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +35…+40,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +34…+39,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40,
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +21…+23, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.