Биз менен байланышыңыз

Депутат Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясынын батирлери боюнча үн катты

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 870 | 9

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жаткан жарандар боюнча айтылгандарга жооп берди. Ал аталган курулуш компаниясын башкаларга өткөрүп бергенин, батирлерин алар албай алданып калгандарга тиешеси жок экенин билдирди.

Депутат саясатка келгенден кийин чарбалык, каржылык, курулуш иштерин юридикалык жол менен өткөрүп бергенин айтты.

“Мен тапшырып берген адамдардын көбү жарандарыбыздын укуктарын бузуп, курулуш үйлөрдү сатып, каржы каражаттарын коротуп өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетиптир. Мен жеке өзүм укуктун алкагында кийлигишип, мыйзам чегинде юридикалык баа берилсин деп укук коргоо органдарына кайрылып, тиешелүү адамдардын жоопкерчиликтерин карап берүү максатта кагаз иретинде кайрылганбыз. Азыркы учурда кылмыш иши козголуп, толук кандуу мыйзам чегинде чара көрүүсүн талап кылып жатабыз. Ошондуктан бардык мага карата айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт. Мен жогорудагы айткан сөздөрүмдү юридикалык кагаздар менен далилдеп берүүгө даярмын” , — деди депутат.

14-июлда Бишкек шаарынын жашоочулары маалымат жыйын өткөрүп, бир нече жылдан бери «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жатканын айтышкан. Алар компаниянын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Эмилбек Жусупов Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын депутаты. 2017-2018-жылдары – «Эмаком» ЖЧКнын башкы директору болгон. 2018-2021-жылдары  – «Эмаком Холдинг» холдингинин президенти болгону Жогорку Кеңештин сайтында көрсөтүлүп турат.

9 пикир

9 пикир

  1. Рухия

    18.07.2023 11:47

    Аферист алдап жатат 1000 ден ашык адамды сыздатып отурат!жылдап мигрант болуп Россиялап иштеп салган акчабызды жеп отурат!

  2. Джаралдь

    18.07.2023 14:39

    Бул компания дан 1000 деген Адам жапа чегип турган Кез ,Элдер 50-60 мин $ берип же уйдон же акчадан жок сыздап журушот,канчалаган Адам ооруп,канчасы ажырашып,канчасы квартиралап журот… Кудайдан корк

    • Азамат

      18.07.2023 15:05

      Бизда бул Эмакомго бар акчабызды берип уй алган элек 2021 ошондон бери уй жок же акчабызды бербейт алдап журот биз Москвада адал пешене терибиз менен тапкан акчаларыбыз эле ишенбегиле буларга.

  3. Мия

    18.07.2023 14:48

    Калп айткандан коркпойт экен. Биз алган кездеги акчанын баары ушул кишинин чонтогуно тушту да. Азыр деле ушул кишиге таандык бул компания юридика жактан эле башкага караштуу. Помошниктери офисе журушот. Канча эылдан бери акчаларын ала албай жургон долщиктери толтура. Бизде видео доказательство бар толтура.

  4. Азамат

    18.07.2023 15:06

    Бизда бул Эмакомго бар акчабызды берип уй алган элек 2021 ошондон бери уй жок же акчабызды бербейт алдап журот биз Москвада адал пешене терибиз менен тапкан акчаларыбыз эле ишенбегиле буларга.

  5. Мия

    18.07.2023 15:26

    Биз дольщиктер канча жылдан бери акчабызды ала албай журобуз. Сотрудниктеринин беттери жик экен 2 ай сайын директорлору алмашат. Эки кундун биринде ошол офисте журобуз. Ушул кишинин помощниктери журот иштеп. Биз алып жатканда уйлорду ушул кишинин атында болчу демек биздин акча бул кишинин чонтогуно тушту да. Афиристер сотрудниктеринин создору баарыныкы окшош.

  6. Жылдыз

    18.07.2023 17:51

    Эмилбек Жусупов Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын депутаты. 2017-2018-жылдары – «Эмаком» ЖЧКнын башкы директору болгон. 2018-2021-жылдары  – «Эмаком Холдинг» холдингинин президенти болгону Жогорку Кеңештин сайтында көрсөтүлүп турат.Ушул адамга кантип ишенебиз, элдин акчасына депутат болуп алыптыр. Депутат болуп эмнени чечип атат аферист ?Канча деген адамдар кыйналып мандай териси менен тапкан акчаны уурдап алып креслодо отурат.😡

  7. Женишбек

    20.07.2023 15:00

    Чет олкодо мигрант болуп иштеп,жебей ичбей квартира алабыз деп чогулткан акчабызды аферистерге ишенип бергенбиз эми уйдон дайын жок же акчабызды бербей алдап журушот.

  8. Гарфилд

    28.11.2023 10:36

    «100ди алдаган аферист,1000ди алдаган депутат»

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM